Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Парламент Жогорку Соттун отчетун канааттандырарлык деп тапты


Бүгүн Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын өткөн жылдагы жасалган иштер тууралуу баяндамасын укту. Ж. Алиеванын айтымында, былтыр бул сотко 138 миңге жакын иш келип түшкөн. Анын дээрлик баардыгы каралган. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө соттордун ишин жакшыртуу үчүн судьялардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу зарыл, деп белгиледи. Депутаттар Жогорку Сот кылмышка барган жашы жете элек өспүрүмдөрдү жазалоону жумшартуу маселелерине, соттогу кадрларды тандоо иштерин жакшыртууга көнүл бурушу керектигин айтып өтүштү. Өлкөдөгү айрым жергиликтүү талдоочулар Кыргызстандагы сот системасын бийликтен көз каранды деп сындап келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG