Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Нарында митинг уюштурган активисттер бүгүн премьер-министрге киришет


Мындай маалымат Нарын шаарында митингди уюштуруучулардын бири, Ынтымак курултайына Нарын шаарынан шайланган делегат Эркин Асаналиевден алынды. Анын айтымында, кечээ Нарын губернатору Алмазбек Акматалиев менен жолугушуу болуп, анда кыймылдын мүчөлөрүнүн Өкмөт башчысына барышы талкууланган. Натыйжада Нарын шаарында уюшулган «Электр жана жылуулук баасын төмөндөтүү» кыймылынын 19 мүчөсү бүгүн Бишкек шаарына жол тартышты. Данияр Үсөнов менен жолугушуу саат 16.00 гө белгиленген. Кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Асыл Жаманова Нарындан Бишкекке барып келүүгө жол кирени Нарын шаардык мэриясы бергендигин билдирди. Бирок Нарындын мэри Алмаз Кулматов каржылоо шаар казынасынан эмес, демөөрчүлөр тарабынан болгондугун билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG