Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Исаковду коргоо комитетинин өкүлдөрү менен Алайдын акими жолугушту


Алай районунун акими Алмазбек Осмонов мурдагы кооопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин өкүлдөрүн чакырып, алар менен раймилициянын жетекчисинин катышуусунда сүйлөштү. Анда жергиликтүү бийликтин башчысы тараптарды ымалага келүүнү суранып, соттун чечимине ылайык 15-16-мартта жөө жана атчан жүрүшкө чыгууга тыюу салынгандыгын эскертти. Ошондуктан райборбор Гүлчө кыштагынын каалаган жеринде акция өткөрүүгө уруксат беришерин, ал эми нааразы жактын генералды токтоосуз бошотуу талабын тиешелүү кишилерге жеткирерин убада кылды. Бул туурасында аталган комитеттин мүчөсү Шайырбү Исакова “Азаттыкка” маалымдады. Аким менен да, раймилиция башчысы менен да сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк таппадык, бирок Алай райондук бийлигинин атын атоодон тайсалдаган кызматкер жолугушуу болгондугун ырастады. Буга дейре райондун акими Алмазбек Осмонов Исаковдун тарапкерлеринин айрым аракеттери мыйзамсыздыгын белгилеп, чектен ашкан жоруктар жазаланаарын билдирген. (ATo)

XS
SM
MD
LG