Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Жалал- Абадда чукул кырдаалдардын алдын алуу иштери канааттандырбайт


Чукул кырдаалдарды алдын алуу боюнча комиссиянын иши канааттандырарлык эмес. Бүгүн губернатордун орунбасары Айбек Акбаров облустук кеңешмеде ушундай баасын берди. Комиссия райондордогу кырсыктарды алдын алуу иштерин жетиштүү изилдебеген. Сузактагы мал ууланган уу химикаттар көмүлгөн жайды оңдоп- түзөөгө 2, 5 миллион евро зарыл. Ал жайдан суу ичип өлгөн 35 койдун этин жегендердин ичинен 32 адам ооруп, өткөн жумада райондук ооруканага жаткырылган. Райондук чукул кырдаал комиссиясы ветеринардык инспекция башчысын кызматтан алууну сунуштаган. Райондук санитардык баш дарыгер менен айыл өкмөт башчысына сөгүш берген. (YA)

XS
SM
MD
LG