Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

БЭК Бишкек мэринин сунушун дүйшөмбү күнү карайт


Бул тууралуу оппозициялык кыймылдын саясий бюро мүчөсү Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” билдирди. Ал эми Элдик курултайды уюштуруу комитети Бишкек мэри Нариман Түлеевдин 17-мартка белгиленген иш-чараны өткөрүү үчүн Бишкектеги “Спартак” стадионун, “Ак кула” ат майданынын артындагы киши барбаган бакты сунуштаганы түшүнүксүз деп эсептейт. Уюштуруу комитетинин маалыматында айтылгандай Элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин уюштуруучулар ала албай жатышат. Алар муну атайын бийлик тарабынан он миңдеген киши катышкан нааразылык иш-чарасынын өткөрүлүүсүнө бут тосуу катары баалашууда.
11-мартта Биринчи Май райондук соту Бишкек мэриясынын Элдик курултайды Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу өтүнүчүн канаттандырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG