Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Лахордо дагы бир кандуу жардыруу болду


Пакистандын Лахор шаарындагы кош жардыруудан каза тапкандардын саны 39 кишиге жетти. Алардын арасында аскерлер да бар. Полициянын маалыматына ылайык, 100гө жакын адам жараланды. Бул кыянат иш үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Соңку айларда Лахордо бир нече жардыруу ишке ашырылган. Дүйшөмбүдө эле коопсуздук күчтөрүнүн имаратында бомба жарылып, бери дегенде 13 киши мерт кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG