Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

17-мартта Нарында баалардын жогорулашына каршы ири митинг өтөт


Нарындан келген өкүлдөр кечээ өкмөт башчы Данияр Үсөновдүн кабыл алуусунда болушту. Аймактагы электр энергиясын арзандатуу кыймылынын өкүлү Адыл Эсенбеков “Азаттыкка” жолугушууда премьер-министр менен бир пикирге келише албаганын билдирди. Анын айтымында, Д. Үсөнов электр кубатына баа арзандабай турганын айткан. Петровка, Балыкчы чатагында камака алынгандарды жана мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду бошотууга жардам бере албасын, муну сот чечерин белгилеген. Нарындыктар талаптарынын ишке ашырылбашына нааразыланып ири каршылык акцияга даярданып жатат. Кечээ Д. Үсөнов Улуттук биринчи каналда сүйлөп өкмөттүн энергетика саясаты туура нукта кетип баратат деп билдирген. 10-мартта Нарында баалардын көтөрүлүшүнө каршы миңдеген адамдар чогулушкан, алар талаптарды аткарууга бийликке бир жума убакыт беришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG