Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Чычканда жүздөй унаа кар көчкүдө тыгылып турат


Азыр Чычкан капчыгайында өтө албай турган эл ызы-чуу түшүп жатканын “Азаттыкка” өзүн Нурмат деп тааныштырган жолоочу билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүдө камалгандарга жардам берүү боюнча уюштуруу иштерин начар жүргүзүп жатат. Капчыгайында бир суткадан бери өтө албай тургандар бар. Алар үчүн тамак-аш уюштурулган жок. Балалуу келиндер кыйналууда. Аталган министрликтин атын атагысы келбеген өкүлү капчыгайда кырк метр келген кар түшкөнүн, кар көчкүдөн улам айдоочуларга жолго чыкпай турууну эки күн мурун эле эскертишкенин, жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG