Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Укук коргоочу Тимур Шайхутдиновду сабап кетишти


Акыйкатчы институтунун алдындагы Жаштардын жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңештин лидери Урмат Казакбаев “Азаттыкка”билдиришинче, кол салуу бүгүн кечке маал жумуштун кеңсесинин кире беришинде болгонун маалымдады. Анын айтымында, укук коргоочуну азиат улутундагы эки жигит ур-токмокко алган. Т. Шайхутдинов өтө олуттуу жаракат алган жок. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип ишти иликтей баштады. Аталган кеңеш 2009-жылдагы Кыргызстандагы жаштардын укугу боюнча баяндама даярдаган. Анда былтыр жаштардын укугу айрыкча президенттик шайлоо маалында бузулганы белгиленген.

Т. Шайхутдинов уюлдук байланыштын алтымыш тыйынга кымбатташына каршы жаштардын акциясына катышып жүргөн. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстанда соңку учурларда ур-токмокко алуу күчөгөнүн айтып тынчсызданып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG