Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Орусияда бүгүн жергиликтүү шайлоо


Ар кандай деңгээлдеги жергиликтүү шайлоолор өлкөнүн 76 аймагында өтүп жатат. Алардын сегизинде аймактык парламенттер шайланууда. Добуш берүүчүлөрдүн тизмесине 32 миллион шайлоочу киргизилген. Бул -Орусиядагы жалпы шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү. Премьер- министр Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы бул шайлоодо да үстөмдүк кылары күтүлүп жатат. Эки аймакта оппозициядагы Яблоко партиясынын талапкерлерине алар топтогон колдор жараксыз деп табылгандан кийин шайлоого катышуусуна жол берилген жок. Орусиянын шайлоо комиссиясы оппозициянын ырастоолорун четке какканы менен шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча “Голос” деп аталган орусиялык эң чоң уюмдун пикиринде, бүгүнкү добуш берүү адилет жана атаандаштык шартында өтөрүнүн белгилери аз эле. Ошондой эле бүгүнкү шайлоо саясий системага көзөмөлдү күчөтүү боюнча Путин президент кезде киргизилген тартипти жумшартууну убада кылган жана бул жаатта жылыш бар экенин көргөзүүгө умтулуп жаткан президент Дмитрий Медведев үчүн орто мөөнөттөгү сынак катары каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG