Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Алайлыктар президентке акыркы ирет кайрылышты


Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитетти кечээки отурумунда президент Курманбек Бакиевге акыркы ирет кайрылуу жолдоду. Комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев “Азаттыкка” билдиргендей, комитеттин алтымыш мүчөсү аталган кайрылууда президенттин кичүү уулу, өлкөнүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин 15-мартка чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышкан. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу орноткону үчүн президент Курманбек Бакиевге мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсү керектиги сунушталган. Андан тышкары “Азаттык” үналгысынын аймактарда уктурулбай калганына нааразычылыктар айтылган.Талаптары аткарылбаса алайлыктар оболу Ош шаарына, андан соң Бишкекти карай атчан жана жөө жүрүшкө чыгышмакчы.

Алай районунун акими Алмазбек Осмонов болсо кайрылуу ээлеринин өтүнүчтөрүн тиешелүү жерлерге жеткирерин айтып, аларды ультиматум койбоого, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды. (IJz)

XS
SM
MD
LG