Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

АКШ жана Орусия президенттери өзөктүк курал келишими боюнча сүйлөшүүлөргө канааттанат


Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул маселе эки президенттин кечээги телефон сүйлөшүүсүндө талкууланды. Анын жүрүшүндө Барак Обама менен Дмитрий Медведев өзөктүк курал келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн азыркы абалына канааттануу билдиришти. Орус президентинин кеңешчисинин сөзүнө караганда, келишимдин тексти негизинен макулдашылып калды. Жаңы келишим Стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу боюнча мөөнөтү былтыр декабрда бүткөн документти алмаштыруусу керек. Эки тараптын делегациялары алдыдагы шейшембиде Женевада кезектеги жолугушууга чогулмакчы. Президенттер Обама менен Медведев былтыр жайда Москвада жолуккан кезинде колдогу өзөктүк дүрмөттөрдүн санын 1500дөн 1675ке чейин кыскартууну макулдашкан.

XS
SM
MD
LG