Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Кандагарда аскерлердин санын көбөйтүү керек


Кабулдагы өкмөткө Кандагарга көбүрөөк аскер жибериши керектиги тууралуу бул провинциянын губернатору Турялай Виса билдирди. Мунун алдында кечээ шаарда удама-удаа болгон жарылуулардан 30тай адам өлүп, 50дөй киши жаракат алган эле. Жардыруудан жапа чеккен жергиликтүү тургундардын бири мындай дейт:

-Бул үйдө менин үй-бүлөм жана үч бир тууганымдын үй-бүлөсү жашачы эле.Жакындарымдын экөөсү каза тапты, он алтысы жаракат алды. Арасында чоңдор да, балдар да бар.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти талибдер алды жана муну НАТОго эскертүү катары мүнөздөштү. Кандагар мурда Талибандын эң башкы таяныч бекеттеринин бири болгон.

XS
SM
MD
LG