Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Т.Үмөталиеваны милиция кармап кетти


Бүгүн “220 кыймылы” Бишкекте уюштурган ачык концерттен кийин “Форум” гезитин элге таркатууга камынып аткан кыймылдын уюштуруучуларына милиция кызматкерлери келип, кыймылдын уюштуруучуларынын бири, белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиеваны Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул тууралуу кыймылдын акциясына катышып аткан Маматказы Капаров “Азаттыкка” маалымдады.

Кыймылдын уюштуруучулары оппозициялык маанайдагы “Форум” гезитинин жума күнкү чыгарылышынан сатылбай калгандарын элге бекер таркатууга камынып атышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG