Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү болот


Бул күнү Аксы районунун Кара-Жыгач айлынан кан төгүлгөн Бозпиек дөбөсүнө чейин жөө жүрүш болмокчу. Ал жерде курман болгон атуулдардын эстелигинде куран окутулуп, митинг уюштурулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксыдан Самсалы Четинбаев билдирди. Анын айтуусунда Элдик курултайга Аксыдан беш жүз киши делегат болуп келет.
2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан. Бул окуяга байланыштуу сот жообуна тартылгандардын дээрлик бардыгы кийинчерээк акталып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG