Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Алайлыктар бүгүн жөө, атчан жүрүшкө чыгышат


Жөө, атчан жүрүш Сопу-Коргон айлынан Гүлчөгө карай жүргүзүлмөкчү. И. Исаковду коргоо комитетинен “Азаттыкка” кабарлашкандай бийлик алайлык элдин талабын укпаса, алар Ошко, андан ары Бишкекке чейин жүрүш жасашат.
Мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо комитети кечээ президент Курманбек Бакиевге акыркы ирет кайрылуу жолдоп, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин 15-мартка чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышкан. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу орноткону үчүн президент Курманбек Бакиевге мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүсү сунушталган. Андан тышкары “Азаттык” үналгысынын аймактарда уктурулбай калганына нааразычылыктар айтылган.
Алайдагы жергиликтүү бийлик Исаковдун тарапкерлеринен мыйзамды бузбоону өтүнүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG