Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Бишкекте “Азаттыкты” уктуруу талабы менен пикет болот


Бул нааразылык акциясы бүгүн саат 16:00 Бишкектеги ЕККУнун кеңсесинин жанында өткөрүлөт. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” билдиргени боюнча иш-чарага социал-демократиялык, “Ата мекен”, “Ак шумкар” саясий партияларынын мүчөлөрү жана эркин үналгынын уктурулбай жатканына нааразы болгон бардык угармандар катышат.
Ал эми “Азаттыкты” коргоо кыймылы “Азаттыкты” УТРКнын толкундарынан уктуруу талабы менен 25-мартта 1-каналдын алдына пикет өткөрүүнү көздөөдө.
10-мартта “Азаттыктын” теледолбоорлорун көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы баш тартты. 11-мартта Бишкекте ОК радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтотту. 12-мартта мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеген “Алмаз-Нарын” үналгысы “Азаттыктын” программаларын обосунан кетирбөөгө аргасыз болду. Ушундай эле себептер менен Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан. “Азаттыктын” үнүн басуу аракети Алайдагы, Нарындагы саясий нааразылыктар күч алгандан кийин жана "MGN Group"тун мурдагы жетекчиси Е.Гуревичке Италия соту издөө салгандан кийин, ошондой эле оппозициянын Элдик курултайынын алдында күч алды.
Президенттин алдындагы катчылык “Азаттыктын” обого чыкпай калуусу боюнча атайын кат менен кайрылууну сунуштаган. Мамлекеттик байланыш агенттиги өз аракеттери тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG