Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Сопукоргондуктар тоонун боору менен 5 чакырым басышты


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун эки жүздөй тарапкери милиция кызматкерлеринин жолду тосконуна карабай тоону кыялап, жүрүшүн улантып баратышканын кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, Алай районун ИИБнин жетекчиси Равшан Сыргаев жүрүшкө чыккандардын алдын тороп чыгып, элди артка кайтууга үндөп, И.Исаковду коргоо комитетинин жетекчисине жана жүрүштүн катышуучуларына кылмыш иши козголорун билдирди. Ал эми жүрүшкө чыккандар болсо эки чакырымдан кийин Аскалы айылынынын эли дагы жүрүшкө кошулушарын айтышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG