Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Д.Үсөнов: Өкмөт электр кубатына жаңы тарифти өзгөртпөйт


Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ишемби күнү Нарын шаарынын 20 тургуну менен жолугушканда, алар электр кубатына тарифти 70 тыйындан коюу талабын коюшкан. Бирок өкмөт башчы электрге тарифтер өзгөртүлбөстүгүн, нарындыктардын көйгөйлөрү жакын арада чечилерин, жеңилдиктер берилбей калган адамдардын маселесин караштырууну Социалдык камсыздоо министрлигине тапшырганын айтты. Данияр Үсөнов электр тармагындагы акыбал оорлогонунан улам электрге тарифтер жогорулатылганын, “Түндүкэлектр” ишканасы 3 млн. долларга туура сатылганын белгиледи. Ал ошондой эле Аксай, Арпа жайлоолору Кытайга сатылбастыгын, Кыргызстандын көп жерлеринде чет элдик компаниялар менен кендерди издөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Оппозиция болсо отун-сууга тарифтердин көтөрүлгөнүнө, маанилүү стратегиялык обьектилерди сатууга каршы болуп, 17-мартта Элдик курултай өткөргөнү жатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG