Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Чүй аймагында БЕКтин таратып жаткан гезиттерин тартып алып жатышат


Бул туурасында “Элдик кеңеш” саясий кыймылынын штаб башчысы Калык Рүстөмов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, 13- март күнү Москва райондук ИИБнин кызматкерлери БЕКтин аймактагы өкүлдөрүнөн “Форум” гезитинин эки миңден ашык нускасын тартып алышкан. Гезитте 17- марттагы оппозициянын элдик курултайы туурасында маалымат басылган эле. Бирок мындай маалыматты облустук администрациянын уюштуруу бөлүм башчысы К. Дыйканбаев четке кагып, оппозициянын курултайына карата эч кандай тоскоолдук болбой турганын “Азаттыкка” билдирди. Аймактагы жергиликтүү лидерлердин билдиргенине караганда, Чүйдө саясий активдүүлүк жогору. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG