Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Р.Шаботоевдин өлүмүнө байланыштуу сот болууда


Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Руслан Шаботоевдин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү улантылды. Анда маркум Руслан Шаботоевдин апасы Дамет Шаботоева жолдошу экөө 30 жыл түрмөдө иштегенин, аны эске алып абакта жаза мөөнөтүн өтөп чыккандар уулун өлтүрбөстүгүн айтты. Ал айыпталып жаткан Жумабек Зикирбаев уулу Русланды өлтүрдү дегенге ишенбестигин, өлтүргөн башка адамдарды таап соттоону өтүндү. Ошондой эле Р.Шаботоев дайынсыз жоголгон күнү аны менен бирге болгон байланыш агенттигинин жетекчиси Кубат Кадыралиев соттук териштирүүгө келбегенин белгилеп, аны сотко алып келүүнү талап кылды. Сот жараяны шаршембиде улантыла турган болду.
Жогорку Кеңештин СДП фракциясынан мурдагы депутат Руслан Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрда дайынсыз жоголуп, туура бир жылдан кийин анын сөөгү Аламүдүн районунун аймагынан табылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG