Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Оппозиция курултайга келгендерди унаа менен ташуу маселесин карайт


Элдик курултайды уюштуруу комитети бул маселе боюнча бүгүн чогулганы жатканын “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева билдирди. Анын пикиринде, курултайга он миңге чукул адам катышышы ыктымал. Алардын баарын ташууга мэрия убада кылган унаалар жетпей калышы мүмкүн. Мындан мурдарак Бишкек шаардык мэрия Элдик курултайга келгендерди унаа менен бекер ташууга даяр экенин билдирди. Р. Отунбаева 17-мартта эл оболу “Форумдун” имаратынын алдына чогуларын, андан кийин Спартакка жөө барышаарын маалымдап мэр Нариман Түлеевге кат жолдогон. Мэрия мындай жөө жүрүш мыйзамсыз экенин билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG