Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Алай: сопукоргондуктар Гүлчөгө жетпей орто жолдон тарады


Гүлчөдө жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, Сопу-Коргондон Гүлчөнү көздөй жөө жүрүшкө чыккан эл он беш чакырымдай жол жүргөндөн кийин тарашты. Жолдун баарын тартип коргоо органдары тороп алгандыктан алар тоо боору менен келатышкан. Жолдон Бүлөлүү, Кызыл-Коргон жана Аскалык деген айылдарда акцияга кошулуу үчүн адамдар даярданып турган. Бирок маалыматка караганда аларды милиция күчтөп таратты. Алайдагы мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо комитети экс-министрдин бошотулушун талап кылып жөө жүрүшкө чыккан. Эми алар акциясын 17-мартта улантканы жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз каршылык иш-чара уюштургандар жазага тарытыларын эскертип келишет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG