Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Британ тышкы иштер министри Бээжинде Иран маселесин талкуулоодо


Британ тышкы иштер министри Дэвид Милибанд Ирандын атомдук программасы "олуттуу коркунуч туудурат" жана дүйнө державалары Ирандын атомдук куралга ээ болушун алдын алышы керек деп билдирди. Милибанддын айтымында, Кытай өкмөт башчысы Вен Жибао жана тышкы иштер министри Янг Цзиечи менен сүйлөшүүлөрдө ушул маселе сөзгө алынмакчы. Британ өкмөтүнүн өкүлү ушу тапта Кытайда сапарда жүрөт. Коопсуздук кеңешинин ветого укуктуу 5 мүчөсүнүн бири болгон Кытай Ислам жумуриятына каршы санкцияларды күчөтүүгө макул болбой келатат. Британия, Франция жана АКШ Тегеранга каршы жазалоочу чаралардын 4-айлампасын киргизүү зарыл деген турумду ээлешет. Россия болсо санкцияларды карап көрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Иран өкмөтү ядролук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деген айыптоолорду четке кагып, анын программасы тынчтык максаттарды гана көздөйт деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG