Ванкувердеги кышкы Олимпиада оюндарына барган Тажикстандын расмий делегациясына россиялык белгилүү артист Геннадий Хазанов кирген. Бул тууралуу өлкөнүн тобун жетектеп барган Мухамеджон Абдуллоев билдирди. Анын айтымында, каражат тартыштыгынан улам, 2 расмий аккредитация 2 миң долларга "Боско Спорт" компаниясына сатылган. Компания ошондой эле Тажикстандын улуттук командасына 2012-жылкы жайкы оюндарда спонсор болуу убадасын берген. Боско аккредитацияларды Хазановго канча акчага сатканы белгисиз.