Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Токтогул суу сактагычында суу азайууда


«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү суу сактагычта 9 млр. 877 метр куб суу бар. Бул бир жума мурдагы көрсөткүчкө караганда 85 млн. метр кубга аз. Бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 216 метр кубду, ал эми агып чыккан суу 409 метр кубду түзөт.

Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында өткөн жылдын 1-октябрынан тартып, быйыл 7-мартка чейин керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү чектелип келди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG