Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Өзгөндө “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүнө кол салуу болду


Партиянын Жалал-Абад облустук координатору Асылбек Текебаев жана бир нече журналисттер келе жаткан унааны кечээ саат 23 чамасында бир нече автомашина кысып токтотуп, кол салышкан. А. Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча кол салгандар эч кандай кеп-сөзгө келбестен, булардын унаасын темир таяктар менен талкалап, өздөрүн уруп-сабап, журналисттердин колундагы диктофон, камераларын тартып алышкан. Андан кийин жөн жүрүүлөрүн эскертип, кетип калышкан. А. Текебаевдин айтуусунда таяк жеген журналисттердин жана партия мүчөлөрүнүн арасында катуу жабыркагандар да бар. Маалыматка караганда “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү жана журналисттер Алайда 15-мартта болгон жөө жүрүштү, элди милициянын күч менен токтотуусун тартып, жаздырып келе жатышкан.
Ош облустук милициясы бул окуя боюнча маалыматы жоктугун “Азаттыкка” кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG