Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

АКШ Израилден так жоопту күтүп жатат


АКШ чыгыш Иерусалимде басылып алынган аймакта жөөттөргө курулчу 1600 жаңы үй боюнча Израилден так жоопту күтүп жатат. Бул тууралуу АКШнын мамдепартаменти билдирди. Кабарда айтылгандай, Вашингтон Израилди дагы эле өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп билет, бирок жогорудагы маселе боюнча расмий жоопту күтөт. Буга чейин АКШ Израилдин үй куруу планын айыптап, ал Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыян келтирет деген эле. Палестина анын айынан Израил менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул сүйлөшүүлөргө Америка ортомчулук кылып жаткан. Дүйшөмбүдө Израилдин Америкадагы элчиси эки өлкөнүн алакасы начарлап кеткенин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG