Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

А. Жекшенкулов акыркы сөзүн айтты


Бүгүн Биринчи май райондук соту мурдагы Тышкы иштер министри, оппозициядагы саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун акыркы сөзүн укту. Саясатчы өз сөзүндө ага байланышкан кылмыш иштери саясий негизде козголгонун, коюлган айыптарда далил жок экенин билдирди. Ошондой эле анын түрк ишкерге атылды деп шектелген тапанчасы экспертизадан өтүп 30 ирет ок атылганын белгиледи.

Жекшенкуловго каршы түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар, мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланды деген айып менен иш козголуп, бир жылдан ашык убакыттан бери териштирилип келатат. Мамлекеттик айыптоочу мурдагы сот отурумдарында биринчи айып боюнча далил жок деп, мамлекеттин атайын эсептеги каражатына байланыштуу соттон Жекшенкуловго 4 жыл шарттуу жаза сураган. Биринчи май райондук соту Жекшенкулов иши боюнча өкүмдү бүгүн кечке жуук чыгарары күтүлүүдө.
Экс-министр былтыр 9-мартта Коопсуздук комитетинин камагына алынып, кийинчерээк үй камагына которулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG