Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:40

Өзгөндө “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүн сабап кетишти


“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, окуя кечээ кечки саат 11лерде Өзгөн районунун Кароол айылында болгон. “Ата-Мекендин” жооптуу катчысы Асылбек Текебаев, “Пресс-кж” гезитинин баш редактору Абдубахаб Мониев, партиянын дагы бир мүчөсү кетип бараткан машинаны “БМВ” үлгүсүндөгүномуру жок машина кууп келип, андан алты бала түшүп кол салган. Натыйжада айдоочусун кошкошкондо төртөө тең денелеринен жаракат алышкан. Машина да жабыркаган. Гүлчөдөгү каршылылык акциясы тартылган видеокамераны жана фотоаппаратты, документтер салынган сумканы алып кетишкен. Алар райондук оорукандан медициналык жардам алышты. А. Текебаев бул окуяны саясий себептер менен байланыштырып жатат. Жергиликтүү тартип коргоо органдары бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG