Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Жакыпбек Азизов: Бишкекте жөө жүрүшкө уруксат берилбейт


Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов бул тууралуу бүгүн министрликтеги маалымат жыйында билдирди. Жөө жүрүш уюштуруу аракеттери болсо мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти. Анын айтымында, мындай акция жолдо коомдук транспортторго, жүргүнчүлөргө жолтоо болот. Ал арада Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева шаар бийлигинин жөө жүрүшкө тыйуу салып, курултайга келгендерди автобус менен ташууга көмөктөшүүгө даяр деп билдиришин эки жүздүү аракеттерге окшош деп баалады.Бийлик элге кам көрбөй эле коркконуна ушундай иш-аракеттерге барып жатат, деп сындады. Бишкек шаардык мэрия оппозициянын курултайына келгендердин жөө жүрүшүнө тыйуу салууну өтүнүп сотко кайрылган. Элдик Курултай эртең болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG