Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Сопукоргондуктар жөө жүрүштү убактылуу токтотушту


Кечээ Исмаил Исаковдун эки жүзгө чукул тарапкери жөө жана атчан жүрүш баштап, аларды айылдын чыга беришиндеги көпүрөдөн милиция кызматкерлери тосуп өткөрбөй коюшкан. Алар тоонун боорундагы кыя жол менен 15 чакырымдай жол жүрүп Таргалак-Чаты айылына чейин келишип, аба-ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу жүрүштү убактылуу токтотушкан.
И.Исаковду коргоо комитети уюштурган Гүлчөгө жөө жүрүшкө Аскалы, Кызыл-Коргон, Бүлөлү айылдарынын тургундары дагы кошулмак. Аларды тартип коргоо органдары жолун тороп, эскертүү берип таркаткан.
Жергиликтүү укук коргоо органдары болсо жөө жүрүшкө чыккандар мыйзамды бузса кылмыш иши козголорун айтып эскертишти. Алайлыктар 23-мартта Ошко автожүрүш жасоого даярданууда. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG