Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:25

Р.Жээнбеков Элдик курултайдын делегаттарына кайрылуу жолдоду


Анда “5 жылдан бери Бакиев башында турган бийлик ар кайсы популисттик жомокторду айтып келип, акыры озулорунун баскынчы, сабатсыз жана мамлекетти башкарууга жөндөмсүз адамдар экендиктерин, бир эле Кыргызстандын элинин алдында эмес, дүйнөлүк коомчулука дагы толугу менен далилдеди”,-деп айтылат.

“24-март 2005-жылы чыккан мамлекеттик төңкөрүштүн негизги себеби болгон "үй-бүлөлүк башкарууну", улуттук байлыктарды талап тоноону мамлекеттик денгээлде мыйзамдаштырды. Бүгүнкү Курултайдын чечимдеринин ичинде Бакиевдин жана анын бала-бакырасынын, ага-туугандарынын, жан-жөөкөрлөрүнүн бүгүнкүгө чейинки жасаган кылмыштары белгиленип өтүп, коомчулукка жарыяланып, жасаган кылмышына жараша, жоопко, качан гана болбосун, сөзсүз түрдө жоопко тартылыша тургандыгы жөнүндө жобо көргөзүлүшү жөнүндө сунуш киргизем”,-деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле Равшан Жээнбеков Элдик курултайда Улутту сактап калуу саясий кыймылын түзүүнү, К. Бакиевди легитимсиз Президент деп жарыялап, анын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүүсүн талап кылууну, К. Бакиевди, анын балдарын, инилерин жана алардын тегерегиндеги мамлекеттик жогорку денгээлдеги кызматчыларды мыйзамдын негизинде жоопко тартууну, саясий мотив менен соттолгон адамдарды, саясатчыларды, укук коргоочуларды, Балыкчы, Талас, Ноокат, Петровка иштери боюнча соттолгондорду актап, аларды соттогон сотторду, прокурорлорду жана милиция кызматкерлерин жоопко тартуу, К. Бакиевдин, анын «Ак Жол» партиясынын жана күнөөлүүлөрдүн эсебинен компенсация төлөтүп берүүнү сунуштаган.
Президенттин басма сөз кызматы азырынча Равшан Жээнбековдун кайрылуусуна жооп бере элек. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG