Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Арабаев атындагы КМУда кыргыз тилин окутуу талкууланды


15-мартта И. Арабаев атындагы КМУда Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулган «Билим берүү мекемелеринде кыргыз тили, адабияты окуу китептери: абалы жана проблемалары» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияда орто мектептерде кыргыз тили жана адабияты окуу китептеринин абалы жана келечеги, кыргыз тили бөтөн тил катары окутулуучу мектептериндеги кыргыз тили жана адабияты окуу китептеринин бүгүнкү деңгээли, жаңы муундагы окуу китептерин түзүүнүн илимий-методикалык өбөлгөлөрү сыяктуу маселелер талкууга алынды.
Талкууланган маселелер боюнча конференция резолюция кабыл алды. Резолюцияда: Окуу китептеринин азыркы абалы (мазмуну, дидактикалык жабдылышы, жасалгасы, басма сапаты ж.б.) билим берүүнүн бүгүнкү суроо-талаптарына жооп бере албастыгы белгиленди. Кыргыз тилин үйрөтүү, кыргыз адабиятын окутуу бала-бакчанын деңгээлинде башталууга тийиш экендиги, бул багытта бала-бакчалар үчүн, башталгыч жана орто мектептер, жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тили, адабияты окуу китептеринин жаңы улуттук мүнөздөгү муундарын иштеп чыгуу, Билим берүү министрлигинин тийиштүү кызматкерлери тарабынан биргелешкен түрдө атайын талаптар, жоболор, жаңы окуу програмаларын иштеп чыгуу сыяктуу бир топ маселелер кабыл алынды.
Бул тууралуу И. Арабаев атындагы КМУнун пресс-катчысы Азима Акунова “Азаттыкка” маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG