Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Сот Бишкекте жөө жүрүш өткөрүүгө тыйуу салды


Бүгүн Биринчи май райондук соту Бишкек шаардык мэриянын Элдик курултайга келгендерди жөө жүрүш менен Шабдан баатыр – Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрү менен алып кетүү өтүүгө тыйуу салуу боюнча арызын канаатандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар партиясынын өкүлү Дарыя Райымкулова билдирди. Мындан мурдарак ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов Бишкекте жөө жүрүшкө уруксат берилбесин, мындай акцияны уюштурууга аракет кылгандар жазага тартыларын эскерткен. Шаар бийлиги курултайга келгендерди Спартак стадионуна чейин автобус менен ташууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева бийликтин мындай кадамдарын эки жүздүүлүк деп баалап, элге кам көрбөй эле коркконунан ушундай аракеттерге барып жатканын айыптаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG