Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Германияда католиктер Рим папасын өз оюн айтууга чакырышты


Германияда католиктер Рим папасын сексуалдык жаңжал тууралуу өз оюн айтууга чакырышты. Бенедикт өз мекени Германияда католик чиркөөсүнүн кардиналы болуп турган мезгилде жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн динаятчы ишинен четтетилгенден кийин Бенедикт башкарган Мюнхен чиркөөсүнө которулган. Бул жаңжал 12-мартта Ватиканда ачыкка чыккандан бери Рим папасы эч кандай билдирүү жасай элек. Ватикандын өкүлдөрү Бенедикт жакында Ирландияда орун алган окуяларга окшош бул жаңжал боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жасаарын бышыкташты, бирок билдирүү качан жасалаары жана анда Германиядагы окуялар тууралуу айтылаары белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG