Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Пакистанда АКШнын ракета чабуулунда 10 согушкер набыт болду


Пакистан бийликтери билдиргендей, автомат менен башкарылган америкалык аскер учагы бүгүн өлкөнүн Түндүк Вазиристандагы уруулар аймагын аткылады. Бул аймактык борбору саналган Мираншахтан 40 чакырымдай батышта, "ал-Каида" менен талиптердин таянычы саналган Датта Хейл аймагындагы аткылоодо дагы бир нече киши жараат алды. Пакистандын чалгын кызматтары өлтүрүлгөндөр «чет элдиктер», демек арабдар же борбор азиялыктар экендигин маалымдады. Аймакка маалымат кызматкерлери бара албагандыктан, бул ырастоолор канчалык чын экендигин көз карандысыз булактардан бышыкташ мүмкүн эмес. Бирок күбөлөр өрттөлгөн курулуш жайынан түтүн чыгып жаткандыгын көргөнүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG