Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

С. Жайчыбеков: "Аксы окуясын уюштургандардын бири - Курманбек Бакиев"


Эртең Аксы окуясына сегиз жыл болот. Аксылык жабырлануучулар Аксы окуясына саясий баа бериле электигин айтып, нааразылык билдирип келатышат. Аксылык жабырлануучулардын арыз-арманын адвокат Сартбай Жайчыбеков "Азаттыкта" берген маегинде чечмеледи.

-Сартбай мырза, саламатсызбы. Аксы окуясына чекит мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кеткенде коюлат деген үмүт бар эле. Ошол үмүт акталбай калышына эмне негиз берди?

- Аксы окуясына чекит коюлбай калгандыгына негизги себебинин бири, азыркы президентибиз Курманбек Бакиевдин Аксы окуясына өзү катышкандыгысы, же болбосо ошол кайгылуу окуяны уюштургандардын бири болуп эсептелет. Ошондуктан Аксы окуясына акырына чыгып, чекит коюлган жок.

-Өткөн жылдары Аксы окуясынын жабырлануучулары боюнча сиздин арызды БУУнун адам укуктары комитети кабыл алды эле. Кандай жыйынтык чыгарылды?

- Буга бир эмес эки жолу жазылган, биринчисинде Үмөталиев Элдияр боюнча бир адамга жазылган. Анда БУУнун чечими менен кыргыз мамлекети айыптуу деп табылган. Андан кийин 16 адамга жазылган. Азырынча ал боюнча БУУнун чечими жок. Бирок азыркы так эмес маалыматтарга караганда БУУдан жиберилген катка же талапка Кыргыз Республикасы ушул күнгө чейин жооп бере элек. Кандайдыр бир белгисиз себептер менен кармалып турат бүгүнкү күнгө чейин.

- Аксы окуясы боюнча жоопко тартылгандардын көпчүлүгү, дээрлик баардыгы десек болот, акталып чыгып кетишпедиби. Ушул акыркы Жогорку Соттун чечимин кайрадан каратуу аракеттери барбы сиздерде?

- Жогорку Соттун акыркы чечимин буздуруу аракеттери бар. Мен ойлойм, ал чечим сөзсүз түрдө бузулат. Себеби БУУнун Кыргыз Республикасы айыптуу деп тапкандан кийин ал чечим сөзсүз түрдө кайра каралыш керек. Ал чечим эртеби, кечпи бул кайра каралат. Аларды актаган же алардын кылмыш иши жок деп кыскарткан токтомдордун баары кайра каралат.

-Кечээ «Форум» басылмасын милиция камакка алды. Сиз бул окуяга да адвокат катары катыштыңыз, милиция гезиттин бир нускасын калтырбай камакка алышынын себебин эмнеде деп түшүндүрдү?

- Милиция өзүнүн аркетин эч кандай түшүндүргөн жок. Бизге көрсөтмө берди, ошондуктан кармап турабыз деди. Колунда бир дагы кагаз жок, же козголгон иш жок, же айыптуу деп айткан нерсе жок. Эң акырында менчик машиналардын дагы документтерин бербей, тергөөчүсү качып кетип, түнкү саат 12ден өткөндөн кийин гана машиналарды жана машинанын ээлерин чыгарып берди.

Закондун негизине сыйбаган иш кылып гезиттердин баарысын кармап калды. Негизинен гезиттерге кароо гана жүргүзүлгөн протокол түзүлдү, алуу протоколу, же камак салуу токтому жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG