Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Жогорку Кеңештин комитеттери өкмөттүн 2009-жыл үчүн отчетун талкуулады


Парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешип өткөргөн жыйынында кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчету талкууланып, ага биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен вице-премьер-министр Тажикан Калымбетова баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

”Ак жол” фракциясынан депутаттар Максат Кунакунов менен Алишер Мамасалиев премьер-министрдин отчету кеч келип түшкөндүгүн, ошондой эле анын шашылыш каралып жаткандыгын билдирди. Алардын айтымында, ЖК регламентинин талаптарына ылайык, өкмөттүн отчету жети күн мурда келип түшүүгө тийиш болчу.

Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө туризм тармагынын келечеги, майып балдардын жогорку билим алуу квотасы, эркин экономикалык аймактардын азыркы абалы, сугат каналдарынын курулушу, мугалимдердин эмгек акысын төлөп берүүнүн жаңы шарттары өңдүү көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун айтымында, Нарын жана Каракол эркин экономикалык аймагын кайра жандандыруу чаралары көрүлө баштайт. Ал эми Тамчы сындуу биркатар эркин экономикалык аймактарынын келечеги жок, мыйзам талаптарына жооп бербейт деп табылды. Ошону менен бирге, алардын бажы салыгын төлөө тартибине да өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

Парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешип өткөргөн жыйыны Премьер-министрдин КР Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG