Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Б.Жээнбеков Башкы прокуратурага түшүнүк кат жазып берди


“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков бүгүн башкы прокуратурага чакыртылышы гезитке жарыяланган Равшан Жээнбековдун “Адилеттүү жаза мамлекеттүүлүктүн негизи” деген темадагы Элдик курултайдын делегаттарына кайрылуусу негиз болгонун билдирди. Башкы прокуратуранын кызматкери Гүлнара Абылкасымова кайрылууда Равшан Жээнбеков президент Курманбек Бакиевдин дарегине негизсиз сын-пикир айтканын, далилденбеген фактыларды келтиргенин айткан. “Ачык саясаттын” редактору басылмада жарыяланган кайрылуу Равшан Жээнбековдун жеке көз карашы экендигин, эгерде факты керек десеңер президенттин дарегине айтылган пикирлер боюнча фактыны прокуратуранын алдына алып барып берерин билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG