Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Элдик курултайга президент баш болгон мамлекеттик кызматкерлер чакыртылды


Уюштуруу комитетинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 17-мартта өтүүчү Элдик курултайга президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Данияр Үсөнов, Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагалары, президенттин аппаратынын, президенттин катчылыгынын жетекчилери, Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин төрага орун басарлары, “Ак жол”, Кыргызстан коммунисттери” фракциясынын лидерлери, өкмөттүн мүчөлөрү, Бишкек мэри, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин жетекчилери чакыртылды. Элдик курултайдын ишине парламенттин СДП фракциясы катышары белгиленген. Курултайга бардык облустардан, Бишкек,Ош шаарларынан келген делегаттар жана каалоочулар катыша алышат.
Элдик курултай 17-мартта саат 10-00до “Медиа Форумдун” аймагында өткөрүлө турган болду. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG