Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Аялзаттын жетишкендиги - адамзаттын жетишкендиги


Ооган аялдар автобус күтүүдө. Кабыл. 16-март 2010
Ооган аялдар автобус күтүүдө. Кабыл. 16-март 2010

1995-жылы Бээжинде өткөн дүйнөлүк конференцияда 189 өлкө Аракеттенүү платформасы деп аталган документти кабыл алган.

Билим берүү, саламаттык сактоодогу, деги эле коомдук турмуштун түрдүү салааларында аялдары көбөйтүүгө жана зобун-зордуктан коргоого багытталган аракеттер кандай натыйжа берди?

Катардын байтактындагы Соук Вакиф базарында бараткан аялдар. Доха. 14-март 2010
Бириккен Улуттар Уюмунун 13-мартта Нью-Йоркто аяктаган атайын конференциясында береги суроолор кылдат талкууланды. АКШ Мамкатчсы Хиллари Клинтондун бу жааттагы сөзү жалпы абалды кылдат электен өткөрдү. Ал жыйындагы сөзүндө обол өткөн 15 жылда аялдардын укугун жакшыртуу боюнча аткарылган көзгө урунарлык иштерге токтолду:

-Азыр мурдакыдан көп кыздар мектепке барышат. Мурдакыдан көп аялдарда жумушу бар жана мамлекеттик мекемелерде мурдакыдан көп аялдарп иштейт. Аялдар иштегенге, окуганга жана коомдук ишке катышканга мүмкүндүк алгандан тартып, алардын экономикага, саясатка, социалдык турмушка кошкон салымы көбөйдү.

Клинтон айымдын сөзүнө караганда, бир кезде аялдардын укугу тепселген өлкөлөрдө тийиштүү
Индия. Мянмардын демократиячыл лидери Аунг Сан Су Кю айымдын портретин кармаган демонстранттар саясатчыны колдогон ураандарды чакырышууда. Жаңы Дели. 8-март 2010
мыйзамдар кабыл алынып, аялдар эрекектердей эле укуктуу экени таанылган. Ошого карабастан аялдарды кемсинтүүлөр дале сакталган учурлар арбын кездешет. Дүйнөдөгү фермерлердин көбү аялдар болсо да, көптөгөн өлкөлөрдө алар жер ээси боло алышпайт. Банктар аялдарга кредит берүүдөн качышат. Бул абалды оңдоо үчүн, АКШ Мамкатчысы прогрессти аялдардын укугуна жараша баалоону сунуш кылды:

-Биз бир добуштан аялдардын жетишкендигин адамзаттын жетишкендиги деп жарыялашыбыз керек. Адамзаттын жетишкендиги аялзаттын жетишкендиги менен дайыма бирге.

Мамкатчы Клинтон миллиондогон аялдар дүйнөнүн чар тарабында көзгө көрүнбөгөн иштерди аткарып жатканын баса белгиледи. Мисалы, Кампучиде кыздарды сойкуканалардан куткарса, Кувейтте аялдардын коомдук мекемелерде иштөөсү үчүн күрөшүп жатат. Эфиопияда төрөт маалында жабыр тарткан энелерди дарылашса, Бурмада качкындар үчүн мектепти уюштурушкан.

Индия. Жумушчу аялдар Морби шаарындагы ишканада. 7-март 2010
Клинтон аял өз талантын жана жөндөмүн эркин өнүктүргөндө анын пайдасы аял-эркекке, уул-кыздарга, бүтүн адамзатка тегиз тиерин, аялдар жетекчи кызматтарда жана бизнесте эркектерге караганда жигердүү иштеп, кызматка да жооптуу мамиле жасаганын далилдер тастыктаганына да көңүл бурду. Аялдардын укугу бузулган жерде коом бейстабилдүү болорун докладчы Ооганстан менен Пакистандын мисалында айтып берди:

-Аялдар Ооганстанда тынчтык орнотууга жана кайра курууга кеңири тартылууга тийиш. Ооганстан жана Пакистан үчүн биздин стабилдештирүү стратегиябыз Аялдардын аракет планына кирген жана алардын коомдук да, менчик да секторду жетектөөсүн колдойт.

АКШ каржылаган план пакистандык жана ооганстандык аялдардын окуу жайларда, ооруканаларда, сот органдарында иштөөсүнө кенен жол ачып, айыл чарбасында алар үчүн жумуш орундарын түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG