Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Н. Түлеев: Оппозиция саясий кырдаалды чыңалтууга аракеттенип жатат


Бул тууралуу Бишкектин мэри Н. Түлеев Элдик курултайдын уюштуруучуларына жолдогон катында билдирген. Ал муну Элдик курултайды уюштуруучулардын мэриянын сунуштарынан баш тартканы менен түшүндүрөт. Борбор калаанын башчысы өзүнүн кырдаалды турукташтыруу жана оппозиция менен бир сөзгө келүү аракетине шаардыктар туура баа берет деп ишенет.

Белгилүү болгондой буга чейин шаар башчылыгы Элдик курултайды Спорт сарайында, Спартак стадионунда же атмайдандын артындагы ээн гүлбакка өткөрүүнү сунуштаган. Курултайды уюштуруу комитети “Спартак” стадионун тандап алып, ал жерге курултайдын катышуучулары Шабдан баатыр –Чүй – Тоголок Молдо көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш менен барышына шарт түзүп берүүсүн мэриядан өтүнгөн. Мэрия өз кезегинде курултайдын катышуучуларын автобус менен акысыз ташууга даярдыгын билдирип, ал эми уюштуруу комитетинин жөө жүрүш жүргүзүүсүнө тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Курултайды уюштуруу комитети 16-мартта иш-чараны Спартак стадионунда өткөрүү тууралуу чечиминен баш тартканын жарыялаган. Буга 16-мартта Биринчи май райондук сотунун жөө жүрүшкө тыюу салган чечими себеп болууда. Мурдараак “Медиа-Форум” комплексинин алдына чогулууга чакырылган Элдик курултайдын катышуучуларын автобус менен стадионго ташуу акылга сыйбаган иш, анткени 10 миңге чукул кишини ташуу үчүн бир нече саат талап кылынат деп билдиришет Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG