Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

К.Бакиев март ыңкылабы боюнча китеп жазды


“Кабар” маалымат агенттигинин жазуусуна караганда, Курманбек Бакиев 2005-жылдагы март ыңкылабы жөнүндө китеп жазды. “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” деп аталган китепте автор ыңкылаптын мыйзам ченемдүү көрүнүштөрүн жана өзгөчөлүктөрүн жазып, анын максаты авторитардык башкарууну сындыруу жана саясий багытты өзгөртүү, өлкөнү чыныгы демократиялык жолго түшүрүү болгонун белгилеген.

Март ыңкылабынын негизги лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров ыңкылаптын негизги максаттарынын бири үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны жоготуу болгонун, бирок ал К.Бакиевдин тушунда ого бетер күчөгөнүн билдирүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG