Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

"Ак жол": Өкмөттүн отчету канааттандырарлык


“Ак жол” фракциясы бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнөновдун 2009-жыл үчүн отчетун угуп, аны канааттандырарлык деп баалады. Анда Д.Үсөнөв айыл чарба үчүн электр кубатына тарифтер 5 пайызга, өндүрүшкө 30%, калк үчүн 89% көтөрүлгөнүн айтты. “Тарифтерди көтөрүүдөн башка жол жок болчу. Үсөнөвдун өкмөтү учурунда эмес, бул 2007-жылы эле чыгарылган чечим. Бирок аягына чыгарылбай калган, - деди Д.Үсөнөв. Депутаттар өкмөттөн саламаттыкты сактоо тармагына, айрыкча дары-дармектердин сапатына көзөмөл жүргүзүү, мектеп, социалдык турак-жайларды курууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Эми өкмөт 26-мартта Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда отчет берет.

Ушул тапта оппозиция өткөрүп жаткан Элдик курултайдын катышуучулары электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин жогорулашын кайрадан карап чыгууну талап кылып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG