Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Укук коргоочу Равшан Гапиров кечээтен бери дайынсыз


“Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын бүгүнкү маалымдоосуна караганда, 16-мартта Равшан Гапиров бир нече кишилер менен Бишкектеги Элдик курултайга катышуу үчүн Оштон жөнөмөк. Шериктер сапар алдында телефон аркылуу макулдашып, Равшан Гапировго машина жөнөтмөк болушкан. Ал арада кечки саат бештерде Матиз маркасындагы автоунаа келип, Гапировду алып кетүү үчүн шериктери жөнөткөнүн айтып, аны алып кетишет. Көп өтпөй Гапировдун шериктери жөнөткөн автоунаа келген. Бирок анын үй-бүлөсү Гапировго башка унаа келип, алып кеткенин билдирген. Мына ошол мезгилден бери Равшан Гапировдун кайда экендиги белгисиз.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG