Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Орус динаятчысын өлтүргөн кыргыз жараныбы?


Россиянын маалымат каражаттары православ динаятчысы Даниил Сысоевди өлтүрүүгө Ош шаарынын тургуну Бексултан Карыбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыкты. Маалыматка караганда, Б.Карыбаев террорчу деп шектелген Саид Бурятский менен байланышы бардыгы аныкталган. Бексултан Карыбаев Махачкалада тартип коргоо органдары менен кагылышууда атып өлтүрүлгөн. Анын колунан табылган тапанча менен Даниил Сысоев атып өлтүрүлгөнү аныкталууда. Тергөө иши уланууда. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул маселенин үстүнөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат иштеп жатканын билдирди. Ал эми УКМКадан болсо жооп алуу азыр мүмкүн болбой жатат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG