Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Элдик курултай чечимдерди кабыл алды


Жети пункттан турган талапта тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, И. Исаков жана башка саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин бир туугандарын бийликтен алуу, Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Гуревичтин ишин текшерүү үчүн оппозиция өкүлдөрү кирген комиссия түзүү, сөз эркиндигин, “Азаттыктын” өлкө боюнча уктурулуусун камсыздоо талаптары коюлду. Эгерде бул талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса, анда жер-жерлерде курултайларды өткөрүп, элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталды. Элдик курултайдын катышуучулары бул чечимди бир добуштан кабыл алды. Чечимдерди турмушка ашыруу үчүн Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюму түзүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG