Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Өмүрбек Текебаевдин автоунаасы тинтүүгө алынды


Бүгүн Элдик курултай соңуна чыккандан кийин “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин автоунаасын милиция кызматкерелери токтотуп, аны тинтүүгө алышты. Тинтүүнүн себеби катары милиционерлер автоунаада мыйзамсыз курал болушу мүмкүн деген маалыматты аташкан. Алар Өмүрбек Текебаевдин атайын сыйлыкка берилген тапанчасы бардык документтери менен экенин көрүшүп, партия лидеринин жолун ачууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG