Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Өспүрүм балдар аскер эмес, мигрант болууну тандашууда


Бул “Орусиядагы кыргыз мигранттарынын тажрыйбасы жана анын өлкөгө тийгизген таасири” деген аталыштагы иликтөөдө анык болгон. Бул иликтөөнү Манчестер университетинин профессору Мадлин Ривз ассистент Миргүл Каримова менен бирге жүргүзгөн. Иликтөө негизинен Баткен облусунда өткөн. Анда сурамжылоого катышкан үй-бүлөлөрдүн 85 % алардан жок дегенде бир адам Орусияга иштегени кеткенин белгилешкен.

Ал эми 36 % туугандары же үй-бүлөнүн мүчөсү беш жылдан ашуун убактан бери иштеп жатканын айтышкан. Мындан сырткары соңку мезгилдерди мектепти бүтүп-бүтө элек өспүрүмдөр, аялдардын иштөөгө көп кетип жатканы байкалган. “Мени таң калтырганы иштеп кеткендерди көбү үйлөнүү тойго, сүннөт тойго, киши чакырууга акча табыш үчүн, күнүмдүк оокатын өткөрүш үчүн кетет экен. Ал эми жаңы иш ачууга акча топтогону кеткендер сурамжылоодо өтө аз пайызды түздү”, - дейт М.Ривз "Азаттыкка".

Ошондой эле иликтөөдө Орусияда иштөөдөгү эң башкы маселе деп документти эсептешери аныкталган. Сурамжылоо үч ай ичинде жүргүзүлүп, ага миңге чукул адам тартылган. М.Ривздин айтымында, иликтөөнүн кийинки этабы Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Нижний Новгород шаарларында өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG